Ссылки доступа

Өзбекстан жаңы сегиз уран кенин иштетүүгө камданууда


Өзбекстанда 2022-2026-жылдары геологиялык чалгын иштеринин атайын программасынын алкагында жаңы сегиз уран кени иштетилет.

Бул тууралуу 19-майда президент Шавкат Мирзиёев геологиялык тармакты мындан ары өнүктүрүүгө, пайдалуу кендердин запасын жана жер алдындагы суулардын ресурсун кеңейтүүгө багытталган долбоорлордун бет ачарында билдирди.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, акыркы жылдары Өзбекстанда 27 жаңы кен ачылып, туруктуу чийки база түзүлдү.

Бет ачар учурунда аткаминерлер сейрек металлдарды казууну көбөйтүү планы жөнүндө айтышты. Президенттин тапшырмасы менен 182 миллион доллар суммага 14 долбоор түзүлдү.

"Бул үчүн 2022-2026-жылдарга карата геологиялык чалгын иштердин атайын программасын иштеп чыгууну колго алдык. Программа жаңы 8 кең аркылуу уран запасын көбөйтүүнү камтыйт", - деди Мирзиёев.

Муну менен бирге иш-чара учурунда чет өлкөлүк адистерди тартуу жана технологиялык процесстерди жакшыртуу үчүн мамлекеттик "Навоиуран" ишканасын кайра түзүүгө тапшырма берилди.

XS
SM
MD
LG