Башкы кеңесеси Нью-Йоркто жайгашкан комитет тажик өкмөтүнөн окуяларды эркин чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого үндөдү.
Окуя 17-майда Душанбеде журналисттер Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы абалды чагылдырып, жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева менен интервью жаздыргандан кийин болгон.
Аскердик эмес кийимчен кишилер Муллоражаб Юсуфи, Барот Юсуфи, Анушервон Арипов жана Насим Исамовду машинеден күчтөп чыгарып, техникасын, чөнтөк телефондорун тартып алышкан. Муллоражаб Юсуфини сабап кетишкени маалымдалган.
Журналисттердин айтымында, окуяны каракчылык деп мүнөздөөгө болбойт. Себеби кылмышкерлер алардын аты-жөнүн билишкен, акчаны кайтарып беришип, диктафон, видеокамера жана телефондорду гана алып кетишкен. Андан бери бир нече күн өтсө да, бийлик бул боюнча расмий маалымат бере элек жана кылмышкерлер кармалган жок.
Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбордук Азия боюнча программасынын координатору Гульноза Саид “Озодинин” журналисттерине кол салуу жөнсүз экенин айтты.
“Тажикстан бийлиги бул кол салууну чындап иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, журналисттердин тажик коомчулугу менен дүйнөгө аймакта болуп жаткан окуялар тууралуу реалдуу маалымат таратышын камсыздоосу керек”, - деди ал.
Журналисттерди коргоо комитети кошумча комментарий алуу үчүн Тажикстан ИИМине электрондук кат жолдоп, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине телефон чалганын, бирок жооп албаганын кошумчалады.
Эл аралык уюм буга чейин да тажикстандык журналисттерге Тоолуу Бадахшандагы жана Украинадагы окуяларды чагылдырбоо жөнүндө бийликтен опуза болгонун эске салды.
Мурдараак “Азия-Плюс” агенттиги жабылып калуу коркунучуна кептелгендиктен, Бадахшандагы нааразылыкты чагылдыруудан баш тартууга аргасыз болгонун кабарлаган.