Ссылки доступа

Наманган соту муктаждарга үй куруп берүү менен алектенген кайрымдуулук фондун жапты


"Саховат" фондунун ачылуу салтанатында тартылган сүрөт

20-майда жарандык иштер боюнча Наманган облустук соту "Саховат" кайрымдуулук фондун жабуу тууралуу чечим чыгарды.

Мындан тышкары сот фонддун мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу маселесин чечүүнү Юстиция министрлигине жүктөдү.

Фонд өз ишмердүүлүгүн пропагандалоодо диний материалдарды мыйзамсыз пайдаланган, кайрымдуулук каражаттарын өзүнүн эсебине толук которгон эмес жана муктаж үй-бүлөлөр үчүн "Саховат-сити" турак жай комплексин тиешелүү документтерсиз кура баштаган деп айыпталган.

"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, өткөн айда Юстиция министрлигинин Наманган облустук башкармалыгы фонддун ишмердүүлүгү боюнча келген даттануулардын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында фондго 21 миллион 600 миң сум (2 миң АКШ долларына жакын) өлчөмүндө айып пул салынып, келтирилген каталарды оңдоого 1 айлык убакыт берилген.

Өз ишмердүүлүгүн эки жыл мурда баштаган "Саховат" кайрымдуулук фондун Юстиция министрлигинин Наманган облустук башкармалыгы каттоого алган.

Фонддун Telegram-каналындагы маалыматка ылайык, эки жыл аралыгында фонд 700гө жакын жакыр үй-бүлөнү өз камкордугуна алып, аларды апта сайын азык-түлүк менен камсыздап келген; 1500дөн ашык жетим балага жардам берген; багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө 132 батирлүү үйдүн курулушун баштап, 24 батир муктаж үй-бүлөлөргө берилген.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG