Маалыматка караганда, жакында эле Ташкентте коомдук жайларда тамеки чеккен үч жаранга айып пул салынган. Алардын бири электрондук сигарет чегип жатканда кармалган.
Өзбекстанда 2015-жылы коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн айып пул киргизилген. Бирок мыйзамга кирген бул норманы укук коргоо органдарынын кызматкерлери дээрлик көзөмөлдөбөй келишкен.
Өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 56-1 беренесине ылайык, иш ордунда, саламаттык сактоо, билим берүү, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерде, жабык жайларда, коомдук транспорттордо жана өрт чыгып кетүү коркунучу бар жерлерде тамеки чеккендер 1/3 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Жарандар үчүн тамеки жана электрондук тамеки чегүү үчүн атайын жайлар каралган.