Анын айтымында, бул арыз каралган отурум онлайн-режимде өттү.
— Биздин өтүнүчтү судья Жанболатов карап, камактагы мөөнөттүн калганын пробациялык көзөмөлгө алмаштыруу чечимин кабыл алды. Эгер 15 күндүн ичинде прокуратура бул чечим боюнча арызданбаса, анда Рахимжанов эркиндикке чыгышы керек, — деди Балгабаева.
Пробациялык көзөмөл белгиленген учурда соттолгон адам тиешелүү мамлекеттик органга белгилүү бир күндөрү барып турууга, жашаган жеринен чыкпоого жана башка чектөөлөрдү сактоого милдеттүү болот.
57 жаштагы Ноян Рахимжанов —каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарына тиешеси бар деген айып менен былтыр октябрда соттолгон төрт активисттин бири. Казакстанда сот бул уюмдарды "экстремисттик" деп таап, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ошол эле маалда Европарламенттин резолюцияларында бул кыймылдар "тынч оппозициялык уюм" деп аталган.
Жалпысынан бул иш боюнча Алматы соту 13 активистке карата өкүм чыгарган. Ноян Рахимжанов, Абай Бегимбетов, Кайрат Клышев жана Асхат Жексебаев ар бири беш жылдан соттолсо, калган тогуз айыпталуучунун эркиндиги бир жылдан эки жылга чейин чектелген.
Активисттер тагылган айыптарды четке кагышкан. Былтыр декабрда Алматы шаардык соту буга чейинки өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган.
Өткөн айда шаардык сот Кайрат Клышевдин, Асхат Жексебаевдин жана Абай Бегимбетовдун жазалардын жумшартып, бүгүнкү күндө үчөө тең абактан чыккан.
Казакстандагы укук коргоочулар бул төрт активистти "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлиги өкмөттү сындаган "Казакстандын демократиялык тандоосу жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын тарапташтарын куугунтуктоо үчүн "экстремизм" беренесин ашкере пайдаланып жатканын билдирип келет. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, акыркы бир нече жылдын ичинде ондогон активист "экстремизм" беренеси боюнча түрдүү мөөнөттөргө соттолгон. Өз кезегинде казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.