"Казакстан Тышкы иштер министрлиги эмне болгонун түшүнүү үчүн кат жолдоду. Биз жарандарыбыздын укугун коргойбуз", – деди Айбек Смадияров.
Анын айтымында, министрлик Самарканд ички иштер органдарынын кызматкерлеринин казак жарандарына электршокерлерди колдонгону тартылган видеожазууну иликтеди.
"Өзбекстан коомчулугу да укук коргоо органдарынын бул аракетин сындап жатат. Кандай болгон күндө да биз абалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди ТИМ өкүлү.
21-майга караган түнү Самаркандда күзөт кызматынын өкүлдөрү коңшу өлкөдөн келген туристтердин ким экенин аныктоо учурунда электршокерлерди колдонгон.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги мыйзам бузган кызматкерлер жоопко тартылганын маалымдаган.