Ссылки доступа

АКШда Кытайдагы "кайра тарбиялоо лагерлериндеги" кыйноо жөнүндө баяндама жасалды


24-майда Коммунизм курмандыктарын эскерүү фонду Кытайдагы “кайра тарбиялоо лагерлериндеги” туткундар тууралуу баяндама жарыялады. Башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул кор Шинжаң полициясынын ички компьютерлер түйүнө кирген.  

"Шинжаң полициясынын файлдары" деп аталган документте провинциянын түпкүлүктүү элинин кыйноого кабылганын тастыктай турган он миндеген фото жана видео далилдер бар. Атап айтканда, баяндама полиция кызматкерлеринин машыгуусу учурунда камактагылардын кандай жабыркаганы тууралуу кадрларды камтыйт. Маселен, лагерлердеги кишилерди кишендеп, аларды ур-токмокко алышкан.

Шинжаң полициясынын ички компьютердик түйүнүндөгү файлдарды Коммунизм курмандыктарын эскерүү фондунун кытай иликтөө бөлүмүнүн директору Адриан Зенц текшерип чыккан.

Кордун билдирүүсүндө кишиге толгон мекемелерге кошумча күзөт дайындоо тууралуу жарлыкты Кытай башчысы Си Цзиньпин бергени айтылат. Полиция маалыматтар базасында 2018-жылы чоң кишилердин 13 пайыздан ашыгы “кайра тарбиялоо лагерлеринде” болгону, алардын көбү уйгурлар экени айтылган.

"Шинжаң полициясынын файлдары" Кытай бийлиги кесиптик билим берүү борборлору деп атаган мекемелердин чынында түрмө экенин далилдейт", - деп билдирди фонддун президенти Эндрю Бремберг.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин спикери Венг Венбин фонддун баяндамасын "Кытайдын беделин тушүрүү" деп атады. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады.

2019-жылы Эл аралык иликтөөчү журналисттер консорциуму Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң Уйгур автономиялуу районунун мусулмандары отурган лагерлер тууралуу кытай бийлигинин жашыруун документтерин жарыялаган.

2021-жылы АКШнын Мамкатчысы Майк Помпео Кыйтайдагы уйгурларды куугунтуктоону геноцид деп атаган.

XS
SM
MD
LG