"Калкты жана экономиканы сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында энергетика тармагын реформалоо үчүн "Отун-энергетикалык ресурстарга болгон тарифтерди өзгөртүү тууралуу" Министрлер кабинетинин токтом долбоору талкууга коюлду. Документ Regulation.uz сайтына жарыяланды, ал жерде айтылган бардык пикирлер менен сунуштар эске алынат", — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин өлкөнүн энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаев Өзбекстанда өндүрүлгөн электр энергиясы калкка арзан сатылып, мамлекетке каржылык зыян келип жатканын билдирген. "Азыр калк үчүн 1 киловатт-саат электр энергиясынын баасы 295 сум (0,03 доллар) деп белгиленген. Эгер бардык өндүрүштүк жана транспорттук чыгашаларды кошсок, орточо чыгым 400 сумду (0,04 доллар) түзүп калат", — деген Хожаев.