Ссылки доступа

Тажик оппозициячысы: "Бийлик бизди айыптоо менен Бадахшандагы кылмыштарын актоого аракет кылууда"


Алим Шерзамонов

Тажикстанда тыюу салынган "Улуттук альянстын" төрага орун басары Алим Шерзамонов тажик бийлиги оппозицияны Тоолуу Бадахшандагы нааразылык акцияларды уюштурууга айыптоо менен өзүнүн мыйзамсыз жана кылмыштуу аракеттерин актоого аракет кылып жатканын билдирди.

24-майда мамлекеттик "Точикистон" телеканалы жакында эле Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялар тууралуу документалдык тасма көрсөткөн. Анда марттын аягында аталган аймактын бейформал лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокиров, отставкадагы генерал Холбаш Холбашов, жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева жана Европада бозгунда жүргөн Алим Шерзамонов онлайн-жолугушуу өткөрүп, автоном облустун Хорог шаары менен Рушан районунда башаламандыктарды уюштурууну пландашканы айтылган.

Шерзамонов "Озоди" радиосуна берген маегинде телеканалдын тасмасындагы айыптоолорду четке какты: "Өзүңөр билгендей, ал күндөрү Тоолуу Бадахшанда интернет жок болчу. Андай кырдаалда кайдагы онлайн-жолугушуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Мунун баары жомок. Бийлик мени жана башкаларды айыптоо менен өзүнүн Рушандагы аракеттерин легитимдештирүүнү каалап жатат. Мен Холбаш Холбашов менен өмүрүмдө бир да жолу телефон же мессенджер аркылуу сүйлөшүп көргөн эмесмин. Балким мурда көрүшкөндө кол алышып, бир аз сүйлөшүп калгандырбыз. Башка эч кандай байланышыбыз жок".

Шерзамоновдун айтымында, бийлик мындай билдирүүлөрү менен өзүнүн мыйзамсыз иштерин – Рушан районундагы "геноцидди" актоого аракет кылууда. "Ал жерде жайкын тургундарды өлтүрүштү. Эми анын баарына тажик бийлиги тарабынан террордук уюм деп табылган "Улуттук альянсты" жана анын мүчөсү болгон мени күнөөлөп коюуну чечишти," – деди Шерзамонов.

Тоолуу Бадахшандагы окуялар тууралуу документалдык тасманын авторлору Алим Шерзамонов Хорог менен Рушандагы башаламандыктарды уюштуруу үчүн жалпысынан 13 миң доллар жөнөткөнүн да айтышкан.

"Бул таптакыр негизсиз айыптоо. Мен Европада саясий качкын катары жашайм, мен андай акчаны кайдан алмак элем? Анчалык акчаны өмүрүмдө кармап да көргөн эмесмин. Балким акчаны Орусияда иштеп жүргөн бадахшандыктар жөнөткөндүр," – деди Шерзамонов.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG