Ссылки доступа

Казакстандын экономика министри теңгенин долларга карата бекемделишин "реалдуу курс" деп атады


Казакстандын экономика министри Алибек Куантыров улуттук валютанын долларга карата кунунун жогорулашы "теңгенин чыныгы курсу экенин" билдирди.

Анын айтымында, февраль-март айларында теңге курсунун төмөндөшүнө бир нече фактор, анын ичинде бизнес менен калктын долларга карата дүрбөлөңдүү суроо-талабы таасир эткен.

— Андан соң абал турукташып, азыр кыйла жакшы болуп калганын көрүп жатабыз. Бирок буга карабастан биз мартта эле бюджетти, божомолдорду тактап, бюджеттеги доллардын курсун 460 теңгеге чейин көтөргөнбүз. Бүгүнкү күндө өкмөт менен Улуттук банк экономиканы турукташтырууга жана терс факторлорду минималдаштырууга бардык аракетин көрүүдө, — деди Куантыров.

Март айында долларга карата 510 теңгеге чейин жеткен Казакстандын улуттук валютасы акыркы жумаларда кайрадан бекемделүүдө. Бүгүнкү күндө теңгенин курсу 415,12 теңгени түзүп, былтыр февраль айындагы көрсөткүчкө теңелди.

"Менин билишимче апрель жана май айларында Улуттук банк эч кандай интервенция жасаган жок. Теңгенин азыркы куну реалдуу курсту көрсөтүүдө", — деди Куантыров.

Быйыл мартта Казакстандын Улуттук банкы теңгенин курсун колдоо үчүн дээрлик миллиард доллар короткон.

Экономист Арман Байганов теңге курсунун жогорулашы орус рублинин доллар менен еврого карата бекемделишине байланыштуу деп эсептейт. "Санкциялардын фонунда рубль бекемделүүдө. Себеби соода профицитине байланыштуу, анткени экспорттук кирешелер импорттон көп болууда. Мындан тышкары Орусиянын Борбордук банкы экспортерлорду чет өлкөлүк валюталарын рублге алмаштырууга милдеттендирген. Өз кезегинде рублдун кымбат болушу Казакстандын Улуттук банкын теңгенин курсун көтөрүүгө мажбурлап жатат. Анткени бул орус товарларынын кымбатташынан улам өлкөдө инфляцияны жаратышы мүмкүн", — деди Байганов.

XS
SM
MD
LG