Ссылки доступа

Орусия өзбекстандык мигранттардын санына киргизилген чектөөнү алып салууга ниеттенүүдө


Орусиянын Эмгек министрлиги өзбекстандык мигранттардын санына киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштады. Бул тууралуу 25-майда  «Коммерсантъ» басылмасы билдирди.

2021-жылы октябрда Өзбекстан менен кол коюлган макулдашууга ылайык, Орусия өзбекстандыктарга жылына 10 миң жумушчу орун сунуштап келет. Алар негизинен курулуш жана айыл чарба тармагында иштешет.

Орусиянын Эмгек министрлиги өзбек мигранттары иштей турган тармактарды кеңейтип, ага кошумча өзбек жумуш күчүн тартууга киргизилген чектөөнү алып салууну сунуштоодо.

Орусия Украинага согуш жарыялагандан бери мигранттардын маянасы азайып, кеч берилип жатат. Соңку маалыматтар боюнча Кремль Украинага карата аскердик агрессия баштагандан бери 750 чет өлкөлүк компания Орусиядан чыгып кетти.

Апрелде Delivery Club компаниясында тамак ташып иштеген борбор азиялык ондогон мигрант маянанын азайганына каршы митинг өткөрүшкөн. Алар тариф саясатын өзгөртүү маянанын азайышына алып келгенин, мындай шартта иштөө мүмкүн болбой калганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG