Ссылки доступа

Жапаров менен Токаев чек арадагы тыгындарды болтурбоону макулдашты


Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу Жапаров Бишкекте өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

"Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик", – деди Жапаров.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кээде бир нече чакырымга созулган узун кезеги болуп турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну "соода согушу" деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек “Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат” деп айыптаган. Өкмөттүк топтордун сүйлөшүүсүнөн кийин Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

XS
SM
MD
LG