Ссылки доступа

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону көбөйттү


Быйыл январь-апрель айларында Өзбекстан Кытайга 132,8 миллион долларга жаратылыш газын сатты. Бул тууралуу Neftegaz.ru кытай бажысына шилтеме берүү менен билдирди.

2021-жылы ушул мезгилде Өзбекстан Кытайга мындан эки эсеге аз көңүлтүр отун экспорттогон.

Өзбекстан Кытайга трубопровод аркылуу газ жеткирген беш өлкөнүн катарына кирет. Биринчи орунда Түркмөнстан турат, жыл башынан бери Кытайга 2,87 миллиард долларга газ саткан. Экинчи орунда Орусия (1,04 млрд доллар), үчүнчү — Мьянма (408 млн доллар), төртүнчү — Казакстан (270 млн доллар).

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө 229,5 миллион долларга газ экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 2,7 эсеге аз.

XS
SM
MD
LG