Ссылки доступа

Тажикстанда сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскере турган фонд түзүлдү


Тажикстан Юстиция министрлиги сталиндик репрессиянын курмандыктарынын атын түбөлүккө калтыруу менен алектене турган «Туракул Зехни фондун» каттады.

1920-жылдан баштап 1950-жылга чейин миңдеген тажик жарандары эл душманы аталып, түрмөгө камалган же атууга кеткен. “Кызыл террор” курмандыктарынын так саны канча экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Фонд Туракул Зехни ысымын алды. Ал таанымал тажик окумуштуусу, адабият таануучу жана котормочу болгон. Казакстандын түндүгүнө жана Сибирдеги ГУЛАГ лагерине 9 жылга сүргүнгө айдалган.

Туракул Зехнинин небереси Фершед Зехнинин айтымында, фонд репрессия жылдарында куугунтукка учураган акын-жазуучулардын элесин түбөлүккө калтыруу, эмгектерин жарыялоо менен алектенет. Алардын арасында - Вадуд Махмуди, Гани Абдулло, Рахим Хошим, Мухсинзода, Шанбезода жана башкалар бар.

“Азыркы муун алардын чыгармалары менен тааныш эме. Биз алардын адабий мурастарын урпактарга тааныштыргыбыз келет”, - деди Фаршед Зехни.

Тажик тарыхчыларынын маалыматына караганда, 1937-38-жылдары Тажикстанда 15 миңден ашуун киши репрессияга учурап, алардын көбү атууга кеткен.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG