Ссылки доступа

Түркмөн президентинин энесине "Эмгек сиңирген килем токуучу чебер" наамы ыйгарылды


Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедовдун энесине "Эмгек сиңирген килем токуучу чебер" ардактуу наамы ыйгарылды.

Өкмөттүк "Бейтарап Түркмөнстан" гезитине чыккан маалыматка караганда, мындай наам "өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, килем токуу улуттук өнөрүнө салым кошуп, көп жылга созулган ак ниет эмгеги үчүн "Түркмөнкилем" ишканасынын "суранычы менен" ыйгарылган.

Мындай наамга Огулгерек Бердымухамедова менен кошо дагы 11 аял татыды. Түркмөнстанда килем майрамы 1991-жылдан бери майдын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.

Түркмөнстандын мурдагы биринчи айымы, азыркы президенттин энеси канча жашта, эмне менен алектенери белгисиз. Биринчи айым кезинде Гурбангулы Бердымухамедов менен чет жактарга барчу эмес. Анын сүрөтү биринчи жолу түркмөн маалымат каражаттарында былтыр гана пайда болгон.

XS
SM
MD
LG