Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы маданият министри камакка алынды


Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Улуттук музейдин директору, өлкөнүн мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы камакка алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди сот 28-майда кабыл алган. Бирок мекеменин билдирүүсүндө экс-министрдин канча мөөнөткө камакка алынганы так айтылган эмес.

Буга чейин Коррупцияга каршы кызмат Улуттук музейдин кызмат адамдарына карата сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирген. Анда музей жетекчилиги "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдыруусу" деп аталган эл аралык көргөзмөгө даярдык көрүүнүн алкагында 146 миллион теңге (335 миң доллар) бюджеттик каражатты кымырып алган деп шектелип жатканы айтылган.

Өткөн жумада түрдүү булактар Мухамедиулы убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлашкан. Бирок бийлик ал маалыматтарды расмий түрдө ырастаган эмес.

16-майда Мухамедиулы Facebook’тагы баракчасы аркылуу президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жасаган. Анда 59 жаштагы мурдагы министр музейдин текшерилишин "негизсиз" деп атап, ал интриганын натыйжасы" экенин айткан.

Арыстанбек Мухамедиулы Казакстандын Маданият жана спорт министрлигин 2014-жылдын августунан 2019-жылдын июнуна чейин башкарган.

XS
SM
MD
LG