Маалыматка караганда, Рахмонду Иранга Тажикстандын тышкы иштер, энергетика, экономикалык өнүгүү, транспорт жана каржы министрлери, башкы прокурору, ошондой эле бир катар расмий бийлик өкүлдөрү коштоп кетти.
Акыркы айларда тажик-иран мамилелери кайрадан жакшыра баштады. Эки өлкөнүн мамилеси 2015-жылдын аягында кескин начарлап кеткен. Анда Тажикстан Иранды өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" колдоого айыптаса, Тегеран Душанбени ирандык миллиардер Бабак Занжани которгон миллиондогон доллардын жоголушуна күнөөлөгөн.
Иран 1991-жылы Тажикстандын эгемендигин тааныган алгачкы өлкө болгон. 2013-жылга чейин Тегеран Душанбенин негизги экономикалык өнөктөшү деп эсептелип келген.