Ссылки доступа

Өзбекстан январь-апрель айларында Казакстандан дээрлик 123 миң тонна ун импорттогон


Өзбекстан 2022-жылдын январь-апрель айларында 38,5 миллион долларга 124,8 миң тонна буудай унун импорттоду. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Маалыматка караганда, Өзбекстан бул аралыкта Казакстандан 122,8 миң тонна, Орусиядан 1,9 миң тонна, АКШдан 50 тонна, Италиядан 27 тонна, Индиядан 2 тонна жана Франциядан 1,8 тонна ун сатып алган. Бул өткөн жылдын ушул айларында чет өлкөлөрдөн сатып алынган унга салыштырганда 22 миң тоннага көп.

Өзбекстан апрель-июль айларында Казакстандан жеткиликтүү баа менен 100 миң тонна буудай (бир бөлүгүн ун түрүндө) сатып алууну пландап жаткан. Ички жана тышкы базардагы абалга байланыштуу өзбек өкмөтү эми дагы 500 тонна буудай сатып алууну караштырууда.

Казакстан 15-апрелде буудай менен ун экспортуна чектөөлөрдү киргизген. "Бул чара ички базардагы тартыштыктын алдын алуу жана ун өндүрүү ишканаларындагы чыңалууну азайтуу үчүн зарыл", — деп билдирген анда өлкөнүн айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өкмөттүн 11-майдагы жыйынында буудай өндүрүү тармагындагы реформалар жөнүндө, анын ичинде буудайга болгон баалар либералдаштырыла турганын жарыялаган. Анын айтымында, 1-июндан тарта буудайды сатуу жана сатып алуу базар баасына өтөт.

Бул жыйындан кийин өлкөнүн Каржы министрлиги буудай баасы либералдаштырылгандан кийин ун менен нандын баасында сезилээрлик деле өзгөрүү болбой турганын билдирген. Мекеменин департамент башчысы Тулкин Мирзаевдин айтымында, бүгүнкү күндө буудай жана ун баасынын 70-80% базар баасы менен калыптанат. Мындан тышкары мамлекет да калктын аз камсыз болгон бөлүгүн колдоо чараларын иштеп чыгууда.

XS
SM
MD
LG