Ссылки доступа

Хорогдо "Комиссия 44түн" 10дон ашуун мүчөсү суракка алынып, камалганы кабарланууда


Тоолуу Бадахшан автоном облусунда “Комиссия 44” уюмунун 10дон ашуун мүчөсү суракка алынып, камалганы кабарланууда. Комиссия былтыр ноябрь айындагы митингдердин кийин Бадахшандагы абалды бийлик менен бирге жөнгө салуу үчүн түзүлгөн.

Тажикстандын расмий түзүмдөрү бул боюнча билдирүү жасаган жок, бирок “Озодинин” аймактагы үч булагы бул маалыматты тастыктады.

Булактардын айтымында, “Комиссия 44түн” ондогон мүчөлөрү, анын ичинде юрист Фаромуз Иргашев 28-майда прокуратурага чакырылган. Алар “чет өлкөдөн каражат алды” деген шек менен тергөө абагына киргизилген.

“Озодинин” маектеши буга чейин Бадхшандан чыккан эмгек мигранттары аймактагы ноябрь окуяларын адилет иликтөө үчүн “Комиссия 44кө” расмий колдоо көрсөтүп жатканын айтышканын билдирди. “Бирок чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлүк уюмдардан эч кандай колдоо болгон эмес. Бадахшандан чыккан мигранттар гана жардам беришкен. Алар адилеттүүлүктү орнотууну каалашкан, “Комиссия 44кө” ушул миссия жүктөлгөн”, - деди ал.

“Комиссия 44кө” облустагы жарандык коомдун активисттери кирген. Анын курамынла Башкы прокуратура менен аскердик прокуратуранын алты өкүлү бар.

Бадахшанда 2021-жылы 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн бери кырдаал курч бойдон турат.

“Комиссия 44түн” мүчөлөрү бийлик менен жергиликтүү элдин ортосунда көпүрө болуп келген. Алардын ортомчулугу менен Хорогдогу төрт күндүк акция аяктаган. Бирок Гулбиддин Зиёбеков менен ноябрь окуялары учурунда өлгөн дагы эки кишинин ишин иликтөө азыркыга чейин уланууда.

XS
SM
MD
LG