Ссылки доступа

Жалал-Абаддагы жарылуудан жабыркаган үч адамдын абалы оор


Жалал-Абад шаарындагы темирди кайра иштетүүчү заводдун меши жарылып, жети адам жараат алды. Алардын үчөөнүн абалы оор. Облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумар Ботокараев алар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.

Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын төртөө биринчи медициналык жардам алып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Ал эми абалы оор деп баалангандардын денелеринин 40, 80 жана 90 пайызы күйгөнү айтылды.

Азырынча кырсыктын себептери жана зыяны тактала элек.

Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-кытай биргелешкен темирди кайра иштетүүчү заводду жергиликтүү бийлик бош турган ишкананы өндүрүш базасы менен камсыз кылып, кытай инвестору 114 миллион сом инвестиция салган. Анда 65 адам иштейт.

XS
SM
MD
LG