Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: Өзбекстанда олигархтардын түзүлүү тобокелчилиги жогору


Өбекстанда 2025-жылга карата керт башынын кызыкчылыгы үчүн бийликти тартып алуу эң жогорку чегине жетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк экинчи жолу жүргүзгөн  "өлкөлөрдүн ыраттуу диагностикасында" айтылат.

Баяндамада постсоветтик аймактарда түзүлгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Орусия менен Украинада мамлекетти басып алуу жана олигархтардын түзүлүшү реформа жараяндарынын маанилүү эки айлампасында болору айтылат. Бул мамлекеттик көзөмөлдүн кыскарышы, жерлерди жана мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке чыгаруу менен коштолот.

Бул эки этап тең өзбек өкмөтү аныктаган манилүү артыкчылыктарга кирет.

Постсоветтик мейкиндиктеги өткөөл экономикадан алынган сабактар көрсөткөндөй, негизинен жеке кызыкчылыктын эки түрү бар:

- менчиктештирүүнүн жыйынтыгы менен жаңы ресурстарга көзөмөл кылуу

- реформа жараянына кедерги жаратуу.

Дүйнөлүк банк мамлекетти басып алуунунун негизги каналдарынын бири атайын, ачык-айкын эмес жеңилдиктерди берүү болуп эсептелерин белгилейт.

Постсоветтик чөлкөдөгү башка өлкөлөрдөй эле Өзбекстанда да жакшы байланыштары бар бизнес президенттин, өкмөттүн чечимдери аркылуу өзүнө өзгөчө мамиле жасоого макулдашып алуу мүмкүндүгүнө ээ. Маселен, аларга салык, бажы жеңилдиктери берилет. Ресурстарга ээ болуп, потенциалдуу атаандаштарга жаңы барьерлер түзүлөт.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG