Ссылки доступа

Еревандагы нааразылык акциясында 100дөн ашуун киши кармалды


Дүйшөмбүдө Ереванда 100дөн ашуун оппозициялык маанайдагы демонстранттар кармалды. Үч полициячы жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Интерфакс" Армения полициясына шилтеме жасоо менен билдирди.

30-май күнү эртең менен “Каршылык кыймылынын” катышуучулары Еревандын борборундагы өкмөттүк имараттын алдында чогулушкан. Жүрүштү баштаган оппозициячыл депутаттар министрлер менен жолугушуу үчүн имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан. Алар Тоолуу Карабак маселеси боюнча бийликтин саясатына каршы чыгышууда.

Полиция депутаттардын ичкери киришине уруксат берген эмес, ошондон кийин кагылышуу орун алган.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталган. Майдын башынан тартып акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG