Ссылки доступа

Хожент шаардык сотунун төрагасы судьянын кадыр-баркына доо кетиргени үчүн кызматтан алынды


Тажикстан президенти  Эмомали Рахмон 30-майда “соттун ар-намысы менен кадыр-баркына доо кетирген жоругу үчүн” Хомиджон Мухаммадзода Хожент шаардык сотунун төрагасы кызматынан бошотту.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, ушундай эле аныктама менен Хожент шаарынын судьясы Рустам Махмадсаидзода менен Душанбе шаарынын Сино райондук сотунун судьясы Рахмиддин Рахимзода да кызматынан бошотулду.

Өткөн аптада “Озоди” радиосунун өз булактары Хомиджон Мухаммадзода башка бир судья жана адвокат менен пара алууга шектелип кармалганын билдирген.

Айрым маалыматтарга караганда, Мухаммадзода кармоо операциясы болорун алдын ала билип, пара белгиси бар акчаларды башка кишиге тапшырып, өзү качып кеткен. Операциясы быйыл 22-апрелде болгон.

Хомиджон Мухаммадзода Хожент шаардык сотунун төрагалыгына 2021-жылы 25-ноябрда дайындалган. Ал бул кызматты 1996-2000-жылдары да аркалаган.

Ушул тапта Тажикстанда 400дөн ашык судья бар. Акыркы он жыл аралыгында өлкөдө 30дай судья кармалып, ар кыл мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG