Ссылки доступа

Казакстанда пенсиядагы аскер кызматкерлерине пенсиялык топтомдорун алдын ала колдонууга уруксат берилди


Казакстанда пенсиядагы аскер кызматкерлерине пенсиялык топтомдорунун жарымын алдын ала колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин пенсиялык камсыздоо борборунун башчысы Кайыржан Бимолдин билдирди.

– Былтыр пенсиялык топтомдорду колдонуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында пенсиядагы аскер кызматкерлерине калган пенсиялык топтомдорунун 50 пайызын колдонуу укугу берилди. Эгер аскер кызматкери үч миллион топтогон болсо, бир жарым миллионун мамлекет белгилеген багыттарда колдоно алат, - деди Бимолдин.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары аскер кызматкерлери мамлекеттик бюджеттин эсебинен пенсияга чыгышат. Мурда бул топтоо системасынын эсебинен ишке ашып келген.

Бул арада Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин пенсия курагы көтөрүлөрүн кабарлады. Бимолдиндин айтымында, 2022-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кызмат өтөө мөөнөтү дагы беш жылга узартылат.

Бимолдин пенсия көлөмү аскер кызматкеринин иштеген жылдарынан көз каранды экенин айтты. Мындан ары пенсиялык төлөм программасы иштеген жылдарды, пенсиялык төлөмдөрдү, кайра эсептөөлөрдү автоматтык түрдө эсептеп чыгат. Буга чейин бул операциялар кол менен жүргүзүлүп, төлөм документтери почта аркылуу жөнөтүлүп келген.

XS
SM
MD
LG