Ссылки доступа

Акылбек Жапаров соода түйүндөрдүн бардыгына ККМ коюларын белгиледи


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда 2 миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 31-майда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Жапаров кассалык аппараттарды киргизүү салык тармагындагы коррупцияны азайтууга өбөлгө болуп жатканын кошумчалады.

"Бир эле чек деген механизм менен бир жагынан эл алган айлыгын кайда жумшап жатканын көрөбүз. Экинчиден, ишкердин ак ниет экендиги ачылат. Тартип ушинтип башталат. Чектер менен далай сырлар ачылат, ишкерлер бир топ салыктардан качып жүргөнү ачыкка чыгат. Чек талап кылуу менен – ишкерлерди жумшак тартипке чакырабыз. Чек талап кылып жаткан элибизге рахмат айтам", - деди Жапаров.

Буга чейин дагы бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылык билдирип, митинг-пикеттерди өткөргөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан. 30-майда өкмөт үйүнүн алдында 100дөй ишкер көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыккан. Ушундай эле акция Таласта да өттү.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тарта коюла баштайт.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш былтыр июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жана негизги курамы октябрь айында бекиген.

Кеңеш апрель айында 2022-2024-жылдарга белгиленген коррупцияга каршы стратегиянын долбоорун сунуштаган. Стратегиядагы иш-чаралардын негизинде 2024-жылга карата дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун рейтингинде 94-орунга көтөрүү пландаштырылып жатканы айтылган.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG