Ссылки доступа

Тажикстанда орус рублинин курсу төмөндөп жатат


Тажикстанда сомониге карата дээрлик үч жумадан бери жогорулап келген орус рублинин курсу кайра төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө банктар 1000 рублди 167 сомониге алмаштырып жатышат. Өткөн аптанын аягында 1 миң рубль 173 сомониге жетип турган.

Өлкөнүн Улуттук банкы орус валютасынын курсундагы мындай өзгөрүүлөрдүн себеби тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Айрым эксперттер орус рублинин курсунун төмөндөөсү "убактылуу жана бул бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин” айтып жатышат. "1000 рубль 157 сомониге чейин түшкөн. Ал августка карата кайра калыбына келиши толук ыктымал" – деди "Азия-Плюс” агенттигинин экономикалык баяндамачысы Фозилжон Фатхуллоев.

"Бизге товарлардын көбү Орусиядан келет. Мигранттар да Орусиядан акча жөнөтүшөт. Азыр Москва эсептешүүдө доллар менен еврону рублге өткөрүп жатат. Бул тенденциялар тышкы соода келишимдери менен иштешкен жергиликтүү банктар менен трейдерлердин көз жаздымында калган жок. Бирок бул жерде мындан да чоңураак тобокелдиктер жаралууда", - деди экономика илимдеринин доктору Бахром Шарифов.

Тажикстанда орус рублинин алмашуу курсу февралдын аягында Орусия Украинага кол салгандан кийин кескин төмөндөп кеткен. Анда Тажикстандын Улуттук банкы расмий түрдө 1000 рублди 136 сомониге баалаганына карабастан, базарда орус валютасынын курсу 100 сомониге чейин түшүп кеткен.

Абал апрелдин башында гана жакшырып, 1000 рублдин курсу 150-160 сомниге көтөрүлгөн.

Орусиядагы тажикстандык мигранттар мекенине жүз миллиондогон доллар жөнөтүп, ал өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгүнүн негизги булагы болгондуктан, Тажикстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн рубль курсунун көрсөткүчү өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG