Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшандагы "атайын операцияда" беш киши өлтүрүлдү


Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө Рушан районунун беш тургуну өлтүрүлдү. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө Дерзун айылында өлтүрүлгөндөр "уюшкан кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү" деп аталган. Бирок маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин билдирип жатышат.

Рушандыктар кандай жагдайда набыт болгону белгисиз. Министрлик алар "куралдуу каршылык көргөзгөндө жок кылынганын", 18-майдан бери расмий издөөдө жүргөнүн билдирди.

Аймак менен телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Ал ортодо Рушан районундагы Вамар айылынын дагы бир тургуну, тартип коргоочулар "террордук топтун жетекчиси" деп атаган Кулмахмад Палаев кармалганы кабарланды. ИИМ ал колго түшкөн жер Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына бир чакырымдай жакын жайгашканын билдирди. Аймактан автомат, пулемет өңдүү курал-жарак табылган. Бул маалыматты да көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес болууда.

Тоолуу Бадахшандагы абал үч аптадан бери курчуп турат. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө "антитеррордук операция" башталганын, анын жүрүшүндө "сегиз жоочу жок кылынып, 11и жарадар болгонун" маалымдаган. 100дөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан көп экенин билдирүүдө.

27-майда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму "Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарга карата куугунтукту токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG