Ссылки доступа

Булак: Хорогдо Памир юристтеринин ассоциация башчысы Манучехр Холикназаров кармалды


Памир юристтеринин ассоциация башчысы Манучехр Холикназаров

Тоолуу Бадахшандын административдик борбору Хорог шаарында Памир юристтеринин ассоциация башчысы, Тажикстандын "Кыйноого каршы жарандык коом коалициясынын" жана "Комиссия 44" уюмунун мүчөсү Манучехр Холикназаров кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Редакциянын маалыматына караганда, Холикназаров өткөн жумада Хорог шаарында кармалып, ага каршы "Кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Азырынча Холикназаровдун кармалганы боюнча Тажикстандын бийлиги расмий маалымат тарата элек. "Кыйноого каршы жарандык коом коалициясындагы" кесиптештери Холикназаровдун эмне себептер кармалганы боюнча толук маалымат жок экенин билдирүүдө.

Күн мурун "Озоди" радиосу Тоолуу Бадахшан автоном облусунда "Комиссия 44түн" 10дон ашуун мүчөсү суракка алынып, камалганын кабарлаган. Комиссия былтыр ноябрь айындагы митингдерден кийин Бадахшандагы абалды бийлик менен бирге жөнгө салуу үчүн түзүлгөн.

"Комиссия 44түн" айрым мүчөлөрү сурактан кийин бошотулган. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө төрт жарандык активист камакта калууда: Памир юристтеринин ассоциация башчысы жана Тажикстандын "Кыйноого каршы жарандык коом коалициясынын" мүчөсү Манучехр Холикназаров; 2020-жылдагы президенттик шайлоодо бийлик талапкер катары каттоого алуудан баш тарткан юрист Фаромуз Иргашов; камактагы журналист жана жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоеванын иниси Хурсанд Мамадшоев; бадахшандык активист Музаффар Муборакшоев.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, "Комиссия 44түн" ондогон мүчөсү 28-майда прокуратурага чакырылып, өлкөдө тыюу салынган "Тажикстандын улуттук альянсынан" каражат алган деген шек менен тергөө абагына киргизилген.

"Озодинин" маектеши буга чейин Бадхшандан чыккан эмгек мигранттары аймактагы ноябрь окуяларын адилет иликтөө үчүн "Комиссия 44кө" расмий колдоо көрсөткөнүн билдирди. "Бийлик комиссиянын мүчөлөрү акчаны "Тажикстандын улуттук альянсынын" жетекчилери Мухиддин Кабири менен Алим Шерзамоновдон алган деп айыптап жатат. Бирок чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлүк уюмдардан эч кандай колдоо болгон эмес. Бадахшандан чыккан мигранттар гана жардам беришкен. Алар адилеттүүлүктү орнотууну каалашкан, "Комиссия 44кө" да ушул миссия жүктөлгөн", - деди ал.

"Комиссия 44кө" облустагы жарандык коомдун активисттери кирген. Анын курамында Башкы прокуратура менен аскердик прокуратуранын алты өкүлү бар.

Тоолуу Бадахшанда 2021-жылы 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн бери кырдаал курч бойдон турат.

"Комиссия 44түн" мүчөлөрү бийлик менен жергиликтүү элдин ортосунда көпүрө болуп келген. Алардын ортомчулугу менен Хорогдогу төрт күндүк акция аяктаган. Бирок Гулбиддин Зиёбеков менен ноябрь окуялары учурунда өлгөн дагы эки кишинин ишин иликтөө азыркыга чейин уланууда.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG