Ссылки доступа

Бишкекте Орусия элчилигинин алдында пикет өттү


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Бүгүн 1-июнда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында украиналык балдардын укугун коргоого багытталган акция өттү.

Орусиянын кол салуусунан жабыркап жаткан балдар маселесин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров көтөрүп чыкты:

"Путиндин айынан анын агрессордук ой-максатынын кесепетинен Украинада канчалаган бөбөктөр өлүп, жетим калып жатышат. Бүткүл эл аралык коомчулук, прогрессивдүү адамзат Путинди эл аралык Гаага сотунда жоопко тартылышы керек деп талап кылалы".

Токтонасыров "Путин өлгөн, жетим калган бөбөктөр үчүн Гаагада жооп бер" деген плакат кармап турду.

Украинага орус аскерлери басып киргенден бери бул өлкөнүн 4113 жайкын тургуну каза болгонун, алардын 264ү балдар экенин 31-майда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлүнүн Киевдеги кеңсеси билдирди. 5 миңдей адам жараат алды, алардын 421и балдар.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Ошондон бери бир катар аймактарда салгылашуу уланууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр майнап берген жок.

Бүгүн 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү.

XS
SM
MD
LG