Ссылки доступа

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Өзбекстанда журналисттерди аккредитациялоо маселесин козгоду


31-майда Өзбекстандын маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин башчысы Асаджон Хожаев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай менен жолукту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда агенттиктин негизги ишмердүүлүгүн түзгөн багыттар, Өзбекстандагы маалымат тармагын либералдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар, басма сөз эркиндиги жана мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу жөнүндө маалымат берилди.

Тараптар көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун, анын ичинде “Оздолик” радиосу даярдаган материалдарды Өзбекстандын мыйзамдарына жана журналисттик этикага шайкеш келтирүүнү” талкуулашты.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өкүлдөрүн Өзбекстанда аккредитациялоо маселеси да козголду. Тараптар муну келерки жолугушууда кайра карап чыгууга макулдашты.

XS
SM
MD
LG