Ссылки доступа

Тажикстанда базардагы өрттөн 10дон ашык киши жараат алды


Бохтардагы өрт чыккан "Фаровон" базары
Бохтардагы өрт чыккан "Фаровон" базары

Тажикстандын Бохтар шаарындагы "Фаровон" базарында чыккан өрттөн ондон ашык киши жараат алды. Бул тууралуу Хатлон облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Хатлон облустук ооруканасынын Реанимация бөлүмүнүн дарыгери Нуриддин Вохидов жаракат алган ишкерлердин биринин абалы өтө оор экенин билдирди. Газ баллонунун жарылуусунан улам анын денесинин 95% күйүп, дем алуу органдары жабыркаган.

Ооруканадан жабырлануучулардын саны 10дон ашык экенин, так маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.

Ал ортодо Бохтар шаарынын мэри Сирожидин Саломзода өрттүн чыгымдарын аныктоо үчүн атайын штаб түзүлгөнүн билдирди. Учурда өрттөн жабыркаган ондогон ишкер базар жетекчилиги жана жергиликтүү акимчилик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатканы кабарланууда.

Күбөлөрдүн айтымында, базарда өрт 2-июнга караган түнү тутанып, негизинен килем, кездеме, уюлдук телефон жана башка электрондук түзүмдөр сатылган бөлүгүнө жайылган.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз. Күбөлөр айтып жаткан версиялардын бирине ылайык, өрт базардын аймагында жайгашкан ашканалардын биринде газ баллондорунун колдонушунан улам чыккан.

XS
SM
MD
LG