Ссылки доступа

Тажикстанда блогердин апасы эки жылга үй камагына кесилди


Белгилүү блогер Жунайдулло Худоёровдун апасы Мавжигүл Гарибова

Тажикстандын чыгышындагы Лахш районунун соту 1-июнда белгилүү блогер Жунайдулло Худоёровдун 66 жаштагы апасын бейбаштыкка күнөөлүү деп таап, эки жылга үй камагына кести.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Рашт районунун тургуну Мавжигүл Гарибова айылдашы Алишер Насриддиндин денесине зыян келтирген. Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган жок.

Алишер Насриддин да бейбаштыкка айыпталып, 3 миң сомони (260 доллардын тегереги) айып пулга жыгылды.

Мавжигүл Гарибова "Озоди" радиосуна берген маегинде иликтөө жүргүзгөн ИИМ жана прокуратура кызматкерлеринин ишине нааразы экенин айтты.

"Аларда күнөөлүү экенимди тастыктаган эч кандай далил жок. Башында эле Алишер Насриддин соттук-медициналык экспертизадан өтсүн деп айттым, бирок тергөөчүлөр буга негиз жок экенин билдиришкен. Анда жабырлануунун белгилери жок. Буга карабай, айыптоочу өкүм чыгаруу үчүн болгон аракеттерин жасашты", - деди ал.

Жабырлануучу Алишер Насриддинов Мавжигүл Гарибованын небереси - 21 жаштагы Алиризо Худоёровду өлтүрүүгө шектелген кишинин жакын тууганы. Алиризо былтыр 11-июлда айылда чыккан жаңжал учурунда бычактан алган жаракатынан көз жумган.

Мавджигүл Гарибова Тажикстандын аткаруучу аппаратына жана башка мекемелерге кайрылууга ниеттенип жатканын, себиби ал жалган жалаанын курмандыгы болуп калганын билдирди.

Мавжигүл Гарибов былтыр ноябрда жолдо Алишер Насриддинди кездештирип, небересинин өлүмү боюнча жаңжалдаша кетишкенин, Алишер ага кол көтөргөнүн, бирок өзү аны чаппаганын айтууда.

Мавжигүл Гарибова – бийликти сындап жүргөн белгилүү тажикстандык блогер Жунайдулло Худоёровдун апасы. Ал 2017-жылы өлкөдө тыюу салынган "Салафия" агымын колдогон билдирүүсү үчүн беш жылга соттолгон. Бир жыл он айдан кийин мунапыс менен эркиндикке чыккан.

Видео

Видео

Экинчи аял: "Жашынган жашоодон тажадым"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:34:33 0:00
XS
SM
MD
LG