Ссылки доступа

Казакстанда январь окуялары боюнча 300дөн ашуун киши соттолду


Казакстанда январь окуясына байланыштуу 331 кишиге сот өкүмү чыгып, 500дөн ашуун адам шектүү катары камакта отурат. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Елдос Кылымжанов 1-июнда өткөн брифинг учурунда билдирди.

"Жалпы өлкө боюнча январь окуясына байланыштуу 5 065 сотко чейинки тергөө амалы тиркелген. 514 шектүү соттун санкциясы менен камакта отурат", - деди Кылымжанов. Анын маалыматына караганда, сотко 337 кылмыш иши жөнөтүлдү.

Кылымжанов 4-январда Алматыда болгон окуяга токтолду. Анын айтымында, ошол күнү саат 6 менен 8 аралыгында жарандар шаардын батышында "Алматы Арена" спорткомплексине, чыгышында "Калк Арена" стадионунун жанына чогулушкан. Кечки саат 9дар чамасында "уюшкан" эки топ бир учурда шаар акимчилигин көздөй жөнөгөн:

"Абай, Төле би көчөлөрүн бойлой жүргөн топ келе жатып өздөрүнүн катарына кишилерди тарткан, союл, таш, арматура менен куралданган. WhatsApp жана Telegram аркылуу топтошуп, жылып отурган. Санаалуу сааттардын ичинде бир мессенжер тобундагы кишилердин саны 140тан 5 500гө чейин көбөйгөн. Натыйжада түн жарымында акимчилик алдындагы борбордук аянтка жана жогоруда айтылган жерлерге он миңдеген киши жыйналган".

Анын билдиришинче, ачууланган топ аянттагы имараттарды жана мүлктөрдү, токтотулган автоунааларды талкалап, өрттөй баштаган. Башаламандыкка катышкандар полиция кызматкерлерине, аскерлерге чабуул жасап, жолду жапкан, транспорт каражаттарын өрттөшкөн, кишилерди тартипсиздикке, талоончулукка үндөгөн. Кылымжанов муну менен катар курал-жарак дүкөндөрү тонолгонун, көзөмөл камералары жок кылынганын да кошумчалады.

Бери дегенде 238 кишинин өмүрүн алган январь окуяларынан кийин күч түзүм кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине каршы жүздөгөн арыздар жазылган. Расмий маалыматтар боюнча, каза болгон 238 кишинин кеминде сегизи "тергөөнүн урукат берилбеген ыкмаларынан" улам каза болгон.

Январь окуяларынан кийин Казакстанда терроризм, жапырт башаламандык, курал уурдоо жана башка айыптар менен миңдеген киши кармалган. Алардын көбү полиция кызматкерлеринин кыйноосуна жана кемсинтүүсүнө кабылышканын билдиришкен.

Казак бийлиги январь окуяларынан кийин кармалгандардын жазган арыздарынын негизинде кыйноо боюнча 200дөн ашык кылмыш иши козголуп, ондогон шектүү кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG