Буга чейин "Түркмөн темир жолдору" Казакстандын өтүнүчү менен этникалык казактар үчүн 2-июнда атайын каттам уюштурары кабарланган.
"Каттамды жана башка уюштуруу маселелерин кошумча деталдуу талкуулоо үчүн казак жана түркмөн тарап биргеликте этникалык казактарды көчүрүп келүүнү июндун аягына жылдыруу чечимин кабыл алышты", – деди Смадияров.
Этникалык казактардын Казакстанда жашаган туугандары аларга жакындарын көчүрүп келүү айдын аягына жылдырылганын эч ким эскертпегенин билдиришти. Алардын айрымдары жакындарын тосуп алуу үчүн июндун башында Жаңы-Өзөн шаарына барышкан.
"Отандастар" фондунун маалыматына караганда, 2021-жылы Түркмөнстандан Казакстанга 650 этникалык казак көчүп келип, алардын көбү Алматы жана Маңгыстау облустарына жайгаштырылган.