Тараптар жаңы транзиттик коридорлорду, заманбап логистикалык инфраструктураларды түзүүгө, аба, темир жол жана автобус каттамдарын көбөйтүүгө макулдашты.
"Биздин маалыматка караганда, тажик-өзбек чек арасынан күн сайын 20 миңдей киши өтөт. Бул өтө олуттуу цифра. Товарларды эркин ташуу режими камсыздалган. Жүк ташуу эки эсеге көбөйдү. Биз жакын арада эки борбор ортосунда жана өлкөдөгү башка шаарлардын арасында жүргүнчү темир жол каттамдарын ачуу маселесин кароого макулдаштык", — деди Эмомали Рахмон.
2022-жылдын алгачкы төрт айында Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда соода жүгүртүү 173,6 млн долларга жеткен.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,5 миллионго же 30,4% көп.