Ссылки доступа

Казакстанда Демпартиянын активисттери айып пулга жыгылды


3-июнда өлкөдө каттоодон өтпөгөн “”Демократиялык партиянын” активисттери Инга Иманбай, Аружан Дуйсебаев, Нурбол Байтереков жана Гүлнар Мирмамбетовага 20 айлык эсептик көрсөткүч көлөмүндө (азыркы курс менен 140 доллар) айып пул салынды.

Бул тууралуу алардын адвокаты кабарлады. Эртең менен Алматыдагы Аль-Фараби көчөсүндөгү көпүрөдө, “Токаев, Жанболат Мамайды бошот!” деген баннер илинген. Аны полиция кызматерлери келип алып ташташкан.

Активисттер алгач Бостандык райондук полиция башкармалыгына жеткирилген. Алар шаар жана калктуу конуш аймагынын көркүн бузууга айыпталышкан.

Адвокаттын айтымында, активисттер айыптоолорго каршы болуп, протоколго кол коюудан баш тартышкан.

33 жаштагы Мамай 25-февралдан бери камакта. Каттоого алынбаган Казакстан Демократиялык партиясынын лидери Жанболот Мамай марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси болжол менен былтыр сентябрда бийлик менен макулдашылбаган митингге байланыштуу козголгон. Мамайга ошондо жарандарды күч менен кармап кетип жаткан полиция кызматкерлерин кемсинткен деген кине тагылууда.

XS
SM
MD
LG