Ссылки доступа

Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы арыз берилет


Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдалууда. Бул тууралуу 5-июнда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча апелляциялык арыз тапшырууга беш күндүк убакыт берилет.

4-июнда Бейшеналиев менен кошо президенттин тескемеси менен кызматынан Башкы прокурор Курманкул Зулушев да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган. Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.

XS
SM
MD
LG