Ссылки доступа

Казакстандыктардын 77,1% Конституцияны өзгөртүүнү колдоду


Казакстандын Борбордук референдум комиссиясы 6-июнь күнү эртең менен референдумдун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, референдумга Казакстанда добуш берүүгө укугу бар жарандардын 68,06 % катышты.

Добуш бергендердин 77,18% Конституцияны өзгөртүүнү колдоп, 18,66 % "жок" деп жооп берген.

Комиссиянын статистикасына ылайык, конституциялык өзгөрүүнү эң көп колдогон аймактар Акмоло менен Түндүк Казакстан облустары – 82% . Эң аз колдоону алматылыктар көрсөткөн – 65%.

Казакстан ТИМинин маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде добуш бергендер дээрлик 73% түзгөн.

Мыйзам боюнча добуш берүүгө укугу бар жарандардын 50 пайыздан ашыгы катышса, "референдум өттү" деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG