Ссылки доступа

Депутаттар вакцина үчүн $12,5 млн насыя боюнча чечим кабыл алышкан жок


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 6-июндагы отурумунда Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 12,5 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишим долбоорун башка күнү кароо чечимин кабыл алды.

Долбоорду өкмөт парламентке ратификациялоо үчүн киргизген. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бул вакцинаны 2024-жылы сатып алуу пландалып жатканын, азыр өлкөдө 2,5 миллион доза бар экенин, анын 1,5 миллионунун мөөнөтү быйыл июлда аяктарын билдирди.

Бирок депутаттар бул келишимге каршы чыгышты. Депутат Айбек Маткеримов вакцина сатып алууга байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев камакка алынганын айтты. Депутат Жылдыз Садырбаева буга чейин сатылып алынган вакцина толук колдонулбай калып жатканын белгилеп, чоң суммада алынган насыя акчанын үстөк пайызы болорун эскертти.

Натыйжада талкууну токтотуп, кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев жогорудагы 12,5 миллион доллардан тышкары АӨБ ушунча эле суммада грант берип жатканын, насыяны Кыргызстан 16 жыл бою 1-1,5% үстөгү менен төлөшү керек болорун билдирген.

Өткөн аптада саламаттык сактоо министри жемкорлукка байланыштуу жети кылмыш иши боюнча шектүү катары бир айга тергөө абагына камакка алынды. Аны менен катар министрликте жетекчилик кызматта иштеген үч адамга вакцина сатып алууга байланыштуу айып тагылып, алардын экөө тергөө абагына камалды.

XS
SM
MD
LG