Буга чейин тогуз жылга соттолгон укук коргоочуга быйыл мартта 10 миң долларын алдатканына даттанган Бохтар шаарынын тургуну жазган арыздын негизинде жаңы айып тагылган.
Сот отурумуна катышкан Амондун уулу Махмадюсуф Холов алар сот залында даттануучуга арызда көрсөтүлгөн сумманы берүүгө даяр болгондуктарын, бирок "судья өкүмдү тез эле окуп, баары тарап кетишкенин" билдирди.
Жабырлануучунун жакындары аларды сотко Иззат Амондун үй-бүлөсү "акчаны кайтарып беребиз" деп чакырышканын айтышты. "Судья биздин пикирибизди сурабастан эле чечим чыгарып койду. Буга чейин акчаны бизге сот залында кайтарып беришет деп макулдашканбыз", – деп билдиришти алар.
Укук коргоочунун жакындары соттун бул өкүмү менен макул эмес экенин айтып, жогорку баскычтарга даттана тургандыктарын билдиришти.
Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 2021-жылы 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. 2021-жылы ноябрда Иззат Амонтогуз жылга эркинен ажыратылган.
Иззат Амондун жакындары ага козголгон кылмыш иштеринде саясий өңүт бар экенин айтып келишет. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.