Ссылки доступа

Тажикстандын медиауюмдары журналисттерге кол салгандарды жазалоону талап кылышты


Муллоражаб Юсуфзода, Анушервон Арипов жана Далери Имомали

Тажикстандагы журналисттик уюмдар, мамлекеттик жана жеке гезиттердин редакциялары бийликтен "Озоди" радиосунун журналисти Муллоражаб Юсуфзода менен белгилүү блогер Далер Имомалиге кол салгандарды табууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

11 редакция менен журналисттик уюмдун биргелешкен билдирүүсү көз карандысыз блогер Далер Имомали сабалгандан эки күн өткөндөн кийин жарыяланды. Ага чейин 17-майда белгисиз адамдар "Озоди" радисунун журналисти Муллоражаб Юсуфзоданы токмоктоп кетишкен.

Журналисттик уюмдар өз билдирүүсүндө Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдырууда ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп, айрым журналисттер суракка чакырылып жатканын белгилешти.

"Мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары "ЖМКлар тууралуу" өлкө мыйзамдарын сактоого жана мыйзамдын бузулушуна жол бербөөгө милдеттүү. Алар журналисттердин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу учурлары боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартышы керек", – деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүнүн авторлору бийликтен журналисттерге басым жасоону, аларды куугунтуктоону жана ур-токмокко алууну токтотууну талап кылып, ошол эле маалда ЖМКларды "Тажикстандын улуттук кызыкчылыктарын, дүйнөдөгү жана аймактагы абалды эске алып, өлкө мыйзамдары менен профессионалдык-этикалык нормаларды бузбастан иштөөгө" чакырышты.

Биргелешкен билдирүүгө Тажикстандын ЖМКлар боюнча кеңеши, Тажикстандын көз карандысыз ЖМКларынын улуттук ассоциациясы, Тажикстандын журналисттик иликтөөлөр борбору, "Хома" коомдук уюму, "Тажикстандын медиа-консалтинги" уюму, Тажикстандын Медиа-альянсы, "Азия-плюс" медиа тобу, ошондой эле "Садои мардум", "СССР", "Минбари халк" жана "Тожикистон" гезиттеринин редакциялары кол койгон.

"Озоди" радиосу менен "Настоящее Время" телеканалынын журналисттери Анушервон Арипов, Насим Исамов, Муллоражаб Юсуфзодф жана Барот Юсуфи 17-майда бадахшандык активист Ульфатхоним Мамадшоевадан интервью алгандан кийин кол салууга кабылышкан. Жарандык кийимчен адамдар журналисттерди күч менен автоунаадан чыгарып, алардын кызматтык техникаларын жана телефондорун тартып алышкан. Ошол эле күнү бийлик Мамадшоеваны Хорогдогу башаламандыктарды уюштурууга айыптап, ага каршы "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык жасоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

"Озоди" радиосу менен "Настоящее Время" телеканалынын журналисттерине кол салуудан 20 күн өткөнүнө карабастан күнөөлүүлөр табыла элек. Журналисттердин тартып алынган телефондору менен техникалары да кайтарылган жок.

19-майда Тажикстандын укук коргоо органдары Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларга байланыштуу "Азия-Плюс" сайтынын кабарчысы Рамзия Мирзобекованы суракка чакырып, анын телефону менен компьютерин алып коюшкан.

4-июнда белгилүү журналист жана блогер Далери Имомали кармалып, беш саат сурак берген. Блогер өзүнүн YouTube-каналына жарыялаган кайрылуусунда бул окуя ал Душанбенин Шохмансур райондук акимчилигинен видео тартып кеткенден кийин болгонун айткан.

Тажик бийлиги ЖМК кызматкерлерине жасалып жаткан мындай басымдар тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Эл аралык уюмдар Тажикстандын бийлигин сөз эркиндигин чектөөгө айыптап келишет. Расмий Душанбе мындай айыптоолорду четке кагып, өлкөдө бардык ЖМКлар үчүн эркин ишмердүүлүк жүргүзүүгө бүт шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө.

Видео

Видео

Америкага барам деп алдангандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
XS
SM
MD
LG