Мындан тышкары Масимовдун орун басары Ануар Садыкулов 6-июлга чейин, дагы бир орун басары Даулет Ергожина 13-июлга чейин камакта калтырылды.
Атайын кызматтын башчысынын мурдагы орун басарлары "бийликти күч менен басып алууга багытталган иш-аракеттерге жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шектелүүдө.
Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары мүнөздөлүп келген. Ал атайын кызматтын башчылыгына 2016-жылы дайындалган. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.
Масимов Казакстанда жыл башындагы топлоң менен коштолгон наарызылык акцияларына байланыштуу 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып коюлган.
Мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке чыккынчылык кылуу, бийликти басып алууга аракет жасоо жана ири өлчөмдө пара алуу боюнча 15 ишти иликтеп жатканы кабарланган. Алардын арасында Масимовдун жана анын үч орун басарынын иши да бар.
Майдын аягында казак президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.