Ссылки доступа

Өзбекстанда медиктердин ишине кийлигишүү үчүн административдик жоокерчилик киргизүү сунушталууда


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске "Медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Долбоорго ылайык, медициналык жардам же кызмат көрсөтүүгө тоскоолдук кылуу, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылуу максатында мыйзамсыз буйруктарды берүү үчүн жарандарга 5тен 7ге чейинки базалык эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 7ден 10го чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу же 15 суткага камакка алуу сунушталууда.

Мындан тышкары медицина кызматкерлерине ишине мыйзамсыз кийлигишкен же кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган учурларда административдик мыйзам буузуу тууралуу протокол түзбөстөн эле дароо сотко кайрылуу укугун берүү сунушталууда. Учурда Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексте мындай укук адвокаттар менен педагогика кызматкерлеринде бар.

Мыйзам долбоорун талкуу 17-июнга чейин уланат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-2021-жылдар аралыгында бейтаптар же алардын жакындары медицина кызматкерлеринин саламаттыгына зыян келтирген 470тен ашык учур катталган.

XS
SM
MD
LG