Тергөөнүн версиясы боюнча Анжиян администрациясынын башчысы болуп дайындалганга чейинки ишинде Хайдаров жана анын шериктери бюджеттен 48 миллиард сум ($4,34 млн) уурдашкан.
Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында 37 киши жоопкерчиликке тартылып, алардын 32си кармалган. Азыркыга чейин зыяндын 23 пайызы гана кайтарылды.
Быйыл 28-майда Хайдаров депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратылган.
Буга чейин аким Бахромжон Хайдаров жер бөлүштүрүүдө мыйзам бузууларга барып, мамлекетке 1,7 млрд сум ($153 миң) зыян келтиргени кабарланган.