Ссылки доступа

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоого арналган расмий иш-чара болот


Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясынын курулушу башталат. Расмий иш-чара улуттук телеэфир аркылуу түз көрсөтүлүп, ага президент Садыр Жапаров катышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ГЭС салына турган жерге көпүрө куруп, туннелди аягына чейин казуу керектигин билдирип, “бул иштерди өкмөт өз күчү менен жасайт” деп айткан. Өкмөт башчы бюджетте 18,8 миллион доллар бар экенин, курулуштун биринчи этабын бүтүрүш үчүн 3,5-5 жыл талап кылынарын, 640 МВт гидроэлектростанцияны беш жылда бүтүрүү планы бар экенин билдирген.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.

30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

XS
SM
MD
LG