Ссылки доступа

Казакстандын жаңыланган Конституциясы күчүнө кирди


Казакстандын Борбордук референдум комиссиясы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча өткөн референдумдун акыркы жыйынтыгын жарыялады.

Комиссиянын маалыматына караганда, добуш бергендердин 77,18 өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду колдогон. Бул сан негизинен 6-июлда жарыяланган баштапкы маалыматттар менен дал келет.

Референдумдун жыйынтыгы добуш бергендердин 18,66 пайызы же 1 миллион 490 миң 470 адам өзгөртүүгө каршы болгонун көрсөттү.

7-июндагы маалыматтарга караганда, референдумга добуш берүүгө укугу бар адамдардын 68,05 пайызы катышкан.

Бюллендердин 1,18 пайызы жараксыз деп табылган.

Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр референдумдун жыйынтыгы расимий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргенин билдирди.

5-июндагы референдум учурунда көз карандысыз байкоочулар түрдүү мыйзам бузуулар болгонун кабарлашкан. Референдумдан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев “Добуш берүү демократиянын талаптарына шайкеш өттү. Эч кандай мажбурлоо болгон жок” деп айткан.

XS
SM
MD
LG