Ссылки доступа

Өзбекстанга БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мухаммед келет


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын орун басары Амина Мухаммед 8-9-июнда Өзбекстанга иш сапар менен келет.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, сапардын алкагында Амина Мухаммед Олий Мажилис сенаты менен Жаштар иштери боюнча агенттиктеги сүйлөшүүлөргө катышат. Мындан тышкары Өзбекстандын лидер аялдары менен да жолугат.

Амина Мухаммеддин Борбор Азиядагы турнеси 5-июнда башталган жана 12-июнга чейин уланат. Ал 7-июнда Душанбеде өткөн "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" деп аталган эл аралык конференцияга катышкан.

БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары Түркмөнстан, Кыргызстан жана Казакстанга да барат.

БУУнун сайтындагы маалыматка караганда, Амина Мухаммед аталган өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү, БУУнун жергиликтүү кызматкерлери, жаштар жана аялдар, жарандык коом өкүлдөрү менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын алкагында бул өлкөлөр азык-түлүк, энергия жана каржы маселесин камтыган үч өлчөмдүү каатчылыкка кантип туруштук берип жатканы талкууланат.

XS
SM
MD
LG