Ссылки доступа

Казакстандын Юстиция министрлиги: Назарбаевдин жакын туугандары эми жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн


Казакстанда жаңыланган Конституция күчүнө киргенден кийин мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакын туугандары кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коргоп турган иммунитеттеринен ажырады. Бул тууралуу 8-июнда өлкөнүн юстиция министринин орун басары Алма Муканова билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөрдүн кириши менен Назарбаевге бир катар артыкчылыктарды берип келген "Биринчи президент – Елбасы тууралуу" мыйзам Конституциядан алынды. Анда туңгуч президенттен тышкары аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн да бир топ кепилдиктер жазылган болчу.

"Ошол эле маалда Назарбаевдин өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Анткени "Президент тууралуу" мыйзамда "мурдагы мамлекет башчыларын өлкөнү жетектеп тургандагы иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартууга болбойт" деген норма бар. Ал саясий адам болуп, кезинде мамлекет үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алган", – деди Муканова.

5-июнда өткөн референдум менен Казакстандын Конституциясына жалпысынан 56 өзгөртүү киргизилди. Анын ичинде Баш мыйзамдан Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамын алуу тууралуу өзгөртүү да бар.

7-июнда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, добуш берүүгө Казакстандагы жалпы шайлоочулардын 68,06 пайызы катышып, алардын 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдогон.

XS
SM
MD
LG