Ссылки доступа

Жапаров үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айтты


Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

"Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул "Камбар-Ата-1", "Кумтөр" экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG