Видеодон бир нече киши жол жээгинде токтоп турган Cobalt үлгүсүндөгү автоунаага чуркап барганын, бирөө алдыңкы орундукта отурган айдоочуга болжолдуу түрдө бычак менен бир нече жолу сокку урганын көрүүгө болот. Видеонун төмөн жагындагы маалыматта айдоочуга сегиз киши кол салганы жазылган.
8-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов "Адам өлтүрүү" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир кишиге айып тагылып, камакка алынганын билдирди. Мындан тышкары дагы жети киши бейбаштыкка айыпталган. Алардын бирөө камакка алынып, калганы тергөө аяктаганга чейин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.